Премьер-министр: 700 миллион доллар мамлекеттин акчасы эмес (видео)

8528

Өткөн жылы Кыргызстандын банктарынан 90 миллиард доллар сыртка чыгарылган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте быйылкы жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетинин долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Анда эл өкүлдөрү буга чейин журналисттик иликтөөдө айтылган ар кандай жолдор менен өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 миллион доллар кимдин акчасы экенине кызыгышты. Өкмөт башчысы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан бул маселе боюнча президенттин катышуусунда жыйын болуп, тийиштүү тапшырмалар берилгенин билдирди.