Кыргызстанда сырттан келгендердин ичинен 450 адамдан коронавирус аныкталды

5511

Кыргызстанда сырттан келген мекендештердин ичинен 450 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, бул өлкөдөгү жалпы жуктургандардын 32 пайызын түзөт.

“Бүгүнкү күндө, вирустун сырттан кирген учурларын убагында аныктап, дарылоо үчүн эпидсистема иштелип чыккан. Ооругандар менен байланышта болгондордун саны такталып алынган жана жарандар обсервациядан чыккан учурда карантиндик чаралардын так аткарылышын жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алган, аларда жарандардын толук тизмеси жана маалыматтары бар”, — деди башкы санитардык дарыгер.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуккан 74 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1594тү түзөт. Алардын ичинен 1066 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.