6973

Кыргызстандын курама командасы макаолук атаандаштарын утуп алды

футбол
Азия биринчилиги үчүн тандоо раундун Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жеңиш менен баштады. Кечээ кечинде Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо биздин футболчулар Кытайдын атайын административдик району болгон Макаонун курамасы менен беттешти. Оюн толугу менен кыргыз командасынын үстөмдүгү астында өттү. Бирок коноктордун курамасынын коргоочулары мыкты чыгып, алардын дарбазасынын алдында кооптуу учурлар аз болду. Экинчи таймда Кыргызстандыктар чабуулду күчөтүштү. Оюндун 69чу мүнөтүндө биздикилер штрафтык топ тебүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Ахлидин Исраилов жөнөткөн топту биздин кураманын капитаны Азамат Байматов таамай тееп, Макаонун дарбазасына киргизди. Беттештин эң аягында, кытайлыктар эсепти теңдеп кое жаздап, бирок биздин дарбазачы топту тосуп калды. Акыры беттеш Кыргызстандын жеңиши менен 1:0 эсебинде аяктады.