2-Жылуулук электр борбору ишке кириши мүмкүнбү? (видео)

1650

Бишкекти ыштан арылтуу үчүн пайдаланылбай турган 2 — Жылуулук электр борбору ишке кириши мүмкүнбү? Газ жана мазут менен иштей турган обьектти иштетүү аракеттеринен эмнегедир майнап чыкпай келет. Буга чейин 4 долбоор даярдалып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлүп, бирок азырынча карала элек.

Колдоо тапкан күндө да финансы булактары аныкталбаптыр. Тиешелүү мекеме аталган борборду бюджеттин эсебинен же жеке инвесторлорго берүү менен ишке ашырууну көздөөдө. Ал арада министрлер кабинетинин тийиштүү түзүмдөрүнө от казандарын жаратылыш газына өткөрүү боюнча тапшырмалар берилгени белгилүү болду.