726

Кыргызстандын телеканалдарында Казакстандын сериалдары кеңири көрсөтүлө баштайт

BOX_KAZAXSKIE_SERIALI_1404_0110.mpg_20170414141542
Бүгүн Бишкекте кошуна өлкөнүн мамлекеттик телеканалынын өкүлдөрү кыргыз кесиптештерине өз продукцияларын сунушташты. Анда мелодрама жана драма жанрында тартылган бир нече сериалдар боюнча маалымат берилди. Белгилей кетсек, НТС буга чейин эле Казакстандын мамлекеттик телеканалы менен келишим түзүп, Кыргызстанда “Сүйгөн жүрөк” деген аталыштагы сериал көрсөтүлгөн. Ал эми 24-апрелден тарта, НТС – “Ата” деген сериалды тартуулаганы жатат. Бул көп сериялуу тасмалар кыргыз тилине которулуп, көрсөтүлүп келет.