НТС

Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулар (видео)

Өткөн ишембиде 2018-жылдын мыкты спорчуларына «Sport Аwards» сыйлыгы ыйгарылды. Абройлуу сыйлыкка мыкты жаачы, балбан, улакчы, ММА мушкери, машыктыруучу, айтор баардыгы болуп 20 номинация боюнча спортчулар көрсөтүлгөн. «Sport Аwardsтун» сыйлыгын алгандардын баардыгы өткөн жылы эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде ийгиликке жеткендер.

Иш-чара спорт өкүлдөрү, жеке ишкер, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чара толугу менен келээрки жумада НТС менен НТС Спорт каналдарынан көрсөтүлөт.