Кыргызстанда уран кайра казыла башташы мүмкүн (видео)

1236

Өлкөдө уран менен торий казууга уруксат берилип же берилбеси коомдук талкуудан кийин гана белгилүү болот. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Тиешелүү мекеме аталган 2 радиоактивдүү затты казууга жол ачкан мыйзам долбоорун талкууга койду.

Анда бул ишти бир гана 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болгон компания иштете алат деп көрсөтүлгөн. Бирок андай ишканалар өлкөдө болгону үчөө экен. Ал арада, 2 жыл мурда уранды казууга караманча каршы болгон активисттер да өз пикирлерин билдирип чыгышты.