Эми 300 адам чакырып, той бере албайсыз (видео)

5309

Тойлорго чакырылган адамдардын санын жүздөн ашырбоо, маркумду жерге берүүдө бодо мал союуга тыюу салуу. Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу иш-чараларына айрым чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда. Буга баш ийбегендер 17,5 миң сом айыпка жыгылат. Юридикалык тараптар үчүн бул сумма 55 миң сомду түзөт. Мындай маңыздагы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов. Ал документти иштеп чыгууга акыркы жылдары той-аштарды өткөрүүдө мактануу, өзүн көрсөтүү, ашыкча коромжулукка жол берилип жатканы себеп болгонун айтууда. Парламентте буга чейин деле мындай мыйзам долбоору бир нече жолу сунушталып, бирок колдоо тапкан эмес. Эми майнап чыгабы?