Кыргызстандык дарыгерлер уникалдуу операция жасашты (видео)

6290

Кыргызстандык дарыгерлер кезектеги ирет уникалдуу операция жасашты. Бул жолу жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун кызматкерлери аял кишинин баш мээсине кан куюлуп кетүүнүн алдын ала алышты.

Хирургдар кан уюп калганынан улам кеңейип кеткен тамырларды эндоваскулярдык жол менен бүтөө чечимин кабыл алышып, операция ийгиликтүү аяктаган. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бүгүн ал үйүнө чыгарылган.