Жазында Токтогул ГЭСинде суу калабы? (видео)

1683

Түркмөнстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди. Бирок бул кырдаал ички керектөөгө таасирин тийгизбегенин жана алдыда маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой турганын кошумчалады. Ал эми Борбор Азиянын 3 мамлекетинин энергосистемасындагы кечээги кырсыкты мамлекеттер аралык атайын комиссия иликтеп чыга турган болду.

Эл аралык эксперттер келтирилген материалдык чыгым миллиарддаган долларга жеткенин айтып чыгышты. Жергиликтүү энергетиктерди болсо Кыргызстандын энергошакекчеден чыгып кетүүсү көбүрөөк кооптондурууда. Айтымдарында, бул ансыз да суусу аз калган Токтогул гидроэлектрстанциясына күч келтирип, жазында таптакыр электр жарыксыз калуу коркунучун жаратат.