НТС

Кытай жарандары Кыргызстанга транзиттик каттамдар аркылуу учуп келишүүдө

Кытайлык мигранттар Кыргызстандагы ишине кайта башташканы белгилүү болду. Бул тууралуу  Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов парламенттин тармактык комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Аткаминердин айтымына караганда, алар жаңы жыл учурунда эс алууга мекенине кетип, эми кайра ишине кайтып жаткандар. Учурда Кыргызстанда Кытайдын 5 миң жараны бар экен. Ал эми алардын жалпы саны 9 миңге чукулдаса, дээрлик көпчүлүгү жол куруу жана тоо-кен ишканаларында иштешет экен.

Кытайда коронавирус илдети чыккандан көп өтпөй, Кыргызстан кошуна өлкө менен болгон бардык өткөрмө пункттарды белгисиз мөөнөткө чейин жапкан. Аткаминерлер абал турукташканда гана ачылат деп билдиришүүдө. Ал эми Кытай жарандары Кыргызстанга транзиттик каттамдар аркылуу учуп келишүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.