Нур Сатыбалдиев УКМК тарабынан колго түшүрүлдү (видео)

4747

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев камакка алынды. Ал УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, Нур Сатыбалдиевдин үзгүлтүксүз пара алып туруу боюнча коррупциялык схема түзгөнү аныкталган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал кайгуул кызматына ишке орношууну каалаган талапкерлерден системдүү түрдө акча алып турган.