Судья Айбек Эрнис уулуну кызматтан кетирүү талабы менен петиция жарыяланды

7823

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча кол топтоо уланууда.  3 күн ичинде петицияга 3 миңден ашык киши кол койгон. Сайт аркылуу жүрүп жаткан кол топтоо акциясынын демилгечилери судья 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамды актап салды, сот тармагында иштөөгө укугу жок деп эсептешет.

Жабырлануучу тарап судьяны кызматтан алуусун өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылууда. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү азыр үй камагында. Биринчи май райондук сотунун судьясы кылмыштын курамы жок деген негизде аны сот жоопкерчилигинен бошоткон. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Прокуратуранын арызынын негизинде иш Жогорку соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.