Өмүрбек Бабанов Талас областына медициналык каражат жөнөттү

5172

40 миң медициналык бет кап, 40 чумага каршы комбинезон костюм, 300 бир колдонулчу медициналык костюм, 200 медициналык колкап жана 800 литр антисептик Талас облусуна жеткирилди. Өмүрбек Бабанов тарабынан каржыланган бул жардам бардык райондорго таратылды.

Эске сала кетсек, буга чейин Бабанов коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 миллион сом бөлгөн. Акчанын 3 миллиону Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине түшүп, ал дарыгерлерди колдоого жумшала турган болсо, калган 2 миллион сом 2 000 пенсионерлерге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.