Алматы жана Нур-Султанда шарттары катаалдашкан карантин күчүнө кирет

2421

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир сутканын ичинде өлкөдө дагы 2 адам коронавирус жуктурган. Эки учур тең – Алматыда катталганы белгилүү. Бүгүнкү күнү коронавирус менен ооругандардын саны 35 адамга жетти. Жагдай оорлоп кеткенине байланыштуу 19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларына шарттары катаалдашкан карантин күчүнө кирет.

Ага ылайык, калааларда адамдардын ары-бери жүрүшү чектелет. Коомдук транспорт каттамы азайтылып, өлкөгө кирген-чыккан автотранспорт да чектелип, көзөмөлгө алынат. Белгилей кетсек, 2 күн мурда Казакстан аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми Тажикстан менен Россия коронавирустун жайылуу коркунучунан улам авиакаттамдарды убактылуу токтотту. Буга байланыштуу 1-майга чейин эки өлкө арасында билеттер сатылбай турган болду. Орус өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу саларын жарыялаган.

Буга чейин Өзбекстан Душанбеге каттаган учактарын токтоткон. Чек ара бекеттеринде Өзбекстан өз жарандарын гана кабыл алып жатат. Кетүүнү каалаган башка өлкө жарандарын чыгарууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.