ТЭЦ соту: Осмонбек Артыкбаев акчалай айып менен кутулабы? (видео)

6023

Дагы бир мурдагы аткаминер абактан акча берип кутулуп кетиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты, экс-министр Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Башкы прокуратуранын эсебине 100 миллион сом которушту. Ал эми айыпталуучуга коюлган оор берене жеңилдетилди. Эми ал коррупцияга эмес, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Прокурорлор болсо, айыпталган мурдагы 8 аткаминердин жетөөсүн абакка кесип, бир гана Артыкбаевди акчалай айыпка жыгуу өтүнүчүн келтирди. Эскерте кетсек, буга чейин каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насырбек Алмаматов коррупция үчүн соттолуп, кийин анын жазасы 3 миллион сомго алмаштырылган. Бирок ал айыпты төлөбөй өлкөдөн качып кетип, азыр издөөдө.