Конституциядан “идеология” деген терминди алып салуу керекпи? (видео)

3398

Баш мыйзамдын жаңы долбоору лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт. Бул боюнча эксперттик топ түзүлдү. 12 адамдан турган топтун курамына жазуучу, тилчи жана котормочулар кирди. Конституциянын жаңы редакциясы азыркы тапта кеңешме тарабынан талкууланып, бир топ сунуштар айтылууда.

Отурумда ар бир жаранды шайлоого катышууга милдеттендирүү керек деген демилгелер көтөрүлдү. Бирок колдоо тапкан жок. Ошондой эле, баш мыйзамдан идеология деген терминди алып салуу сунушталды.