Садыр Жапаровдун Владимир Путинден алган белеги (видео)

1621

Владимир Путиндин Садыр Жапаровго берген белеги Мамлекеттик тарых музейине тапшырылды. Россия президенти белек кылган кылыч алтын жана башка баалуу металлдардан жасалып, бетинде өлкө башчы Садыр Жапаровдун аты чегерилген.

Музейдин кызматкерлери билдиргендей, эми кылычты белектер фондуна каттап, 2 апта ичинде көргөзмөгө коюшат. Бирок азырынча бул экспонатты көпчүлүк көрө албайт. Анткени Мамлекеттик тарых музейи 5 жылдан бери жабык турат. Маданий жай качан ачылат?