Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев ырастагандай, учурда кенде иш толук токтотулуп, жумушчулар үйлөрүнө жөнөтүлдү. Компаниянын имараттарын жана техникалык каражаттарын Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери нөөмөт менен кайтарууга алып турат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.
Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.