Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады

16589

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. «Бактыга жараша стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Маселен, бир жума мурда күндүзгү стационарларга күнүнө 5 миңге жакын киши кайрылып жаткан болсо, кечээ, 19-июль күнү тамчылатма дары жана дарыгерден кеңеш алуу үчүн 3 миң 489 киши кайрылган, 16 адам ооруканага жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 19-июлга карата күндүзгү стационарларга 57 миң 725 кайрылуу болгон. Алардын ичинен 38 миң 333 киши тамчылатма дары, 14 миң 103 адам дарыгерден кеңеш алган, 279 киши ооруканага жаткырылган.

19-июлдан 20-июлга караган түнү үч түнкү стационарга 665 киши кайрылган, бир адам ооруканага алынган. Бүгүнкү күнгө карата түнкү стационарларда 3 миң 74 адамга жардам көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.