Чек арада жараат алган аскердин туугандары аны Россиядан дарылатууну суранууда

7587

Баткендеги чек арада жарадар болгон аскердин туугандары аны Россиядан операция кылып берүүнү суранып жатканын Жогорку кенешти жыйынында депутат Сактан Келдибаев билдирди.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкеримов жоокердин ден соолугу жөнүндө маалымат берди. “Жоокердин ден соолугу оор бойдон калып жатат. Операция жасалды. Бирок сөөктөгү эки октун калдыгы турат. Ал октун калдыктарын дарыгерлер менен кеңешип туруп алабыз. Азыр жоокер акыл эсинде, бирок ок тийген омурткадан ылдый жагы жансыз болуп жатат”, — деди министр.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандык дарыгерлердин «жоокер Россиядан дарылануусу керек» деген чечими болсо алып барууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жарадар болгон үч жоокери — Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Көкүрөгүнө ок тийген экөөнүн абалы канааттандырарлык.

Кыргыз-тажик чек арасынын Баткен аймагындагы жаңжалдан кийин эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери нота алмашып, бири-бирине доомат коюшкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.