146

Өлкөнүн ар аймагынан чогулган шахматисттер күч сынашат


Бүгүн Бишкек шаарында шахматтык мелдеш башталды. Ага кичинекей шахмат сүйүүчүлөрү катышып, Кыргызстандын ар аймагынан келген 100гө чукул оюнчулар күч сынаштууда. Мелдеш үч күнгө созулуп, андан соң жеңүүчүлөр аныкталат. Эң акылдуу жана зиректиги менен айырмаланган бөбөктөр атайын кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат. Интеллектуалдык таймашты шахмат федерациясы, Кыргыз-Швед физика-математикалык билим берүү комплекси жана Кыргыз-Орус Славян университеттери биргеликте өткөрүшүүдө.