187

Өмүрбек Бабанов талапкер катары шайлоого аягына чейин катышат


Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бабанов соңку күндөрү анын дарегине карата айтылып жаткан айың-кептерге, каралоолорго жооп кайтарды. Ал премьер-министрлик кызмат үчүн президенттикке кандидаттыгын алып салат, деген имиштерди четке какты.

Талапкердин айтымында, ал эч ким менен тандем түзбөй, шайлоого аягына чейин барат. Ошондой эле, Өмүрбек Бабанов саясий атаандаштарын кара пиардан алыс болууга, өлкөнүн келечеги үчүн таза жана тынч шайлоо өткөрүүгө салым кошууга чакырды.