Ак калпакты мазактагандарга айып салуу демилгеси көтөрүлдү

2238

Калпакты мазактагандарга карата айып пул салынышы керек. Дал ушундай демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыгышты. Эл өкүлдөрү кыргыз элинин улуттук баш кийимин маданий баалуулук катары сактоо жана аны кеңири жайылтуу максатында ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.

Ошондой эле «эреже бузуулар» жөнүндөгү кодекске да өзгөртүү киргизилип, улуттук баш кийимди мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом штраф салуу сунушталууда. Документтин концепциясын парламенттин тармактык комитети жактырды. Бирок бул идеяга өкмөт каршы чыкты. Алар мыйзам долбоору конституцияга каршы келип, адамдардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт деген жүйөө келтирүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.