Балдарын күткөн селсаяк ата (видео)

1643

Кыштын биринчи күндөрү эле Бишкектеги көйгөйлөрдү оркойтуп көрсөтүп койду. Жылуулук системасы иштен чыккан мектеп, бала бакчаларда билим берүү токтоп калды. Ал эми дөңгөлөгү кышкыга даяр эмес автобустар каттамдан алынып, шаардыктар үйдөн жумушка, жумуштан үйгө жете албай катуу суукта тоңуп турушту. Кар жааган эки сутка ичинде эле 12 адам сууктан каза болду. Дене мүчөлөрүн үшүк алып, абалы оорлору да бар. Мындай аба-ырайында баш калкалаар жери жок селсаяктардын жашоосу ого бетер оорлоду.

Алардын басымдуу бөлүгү ичимдик менен күн көргөндүктөн, мас болуп уктап калып, кээ бири ошол бойдон ойгонбой калууда. Социалдык кызматкерлер, тартип сакчылары көчөдө калгандарды убактылуу жайларга жайгаштырып келишет. Бирок ал жактын тартибине көнбөгөндөр качып чыгып, селсаяктык жашоосуна кайтышууда. Туруктуу жашаган жери жок адамдардын арасында ар турдүү тагдырлар бар. Убагында чоң кызматтарда отуруп, үй-бүлөлүү, бала чакалуу болгондорун да кездештиресин. Баарын оор жашоо шарт, акыйкатсыздык, чечилбеген көйгөйлөр көчөгө чыгарган. Эң өкүндүргөнү, акыркы убакта жаштардын селсаякка айланып бараткандыгы.