Баштан-аяк күлкү менен коштолгон «Жиндилер» спектакли (видео)

1690

Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры алдыдагы ишемби күнү дал ушул оюну менен быйылкы жылы биринчи жолу көрүүчүлөр үчүн эшигин ачканы турат.

Пандемия кесепетинен улам көптөн бери сахнага чыга элек актерлер учурда көрармандарын тосуп алуу үчүн күнү-түнү дебей даярданып жатышыптыр. Америкалык драматург Нил Саймонго таандык бул оюнда чакан айылда жашаган адамдардын жашоо тиричилиги чагылдырылган.