Кыйырга таанылган «Кыргыз керемети» (видео)

2184

Өлкөдө Кыргыз киносунун күнү белгиленүүдө. 79 жыл мурда дал ушул күнү Фрунзе шаарында “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылган. Андан соң Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Динара Асанова, Геннадий Базаров өңдүү кинематографиянын алптары өз эмгектери менен «Кыргыз кереметинин» жаралышына зор салым кошуп, кийинкилерге чыйыр салышкан.

Өлкөдө көз карандысыздыкты алган жылдары каражатка байланыштуу көркөм тасмалар мурдагыдай тартылбай калган. Бирок акыркы жылдары тармак бир топ жанданып, жаш режиссерлордун эмгектери бир катар эл аралык фестивалдардан сыйлык менен кайтып келүүдө.