Баш мыйзамдын жаңы редакциясында коомчулуктун пикири эске алынабы? (видео)

4539

Баш мыйзамды реформалоо боюнча Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал биринчи жыйынын өткөрдү. Кеңешмени юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев жетектеп, ага 80ден ашык мүчө кирген. Отурумда негизинен кеңешменин иштөө тартиби, регламент жана башка чарбалык иштер боюнча эрежелер айтылды.

Конституциялык кеңешменин иши 15-20 күндө жыйынтыкталып калат экен. Ошол эле убакта, Конституциянын сунушталган жаңы долбооруна нааразы болгон коомдук ишмерлердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн да отуруму болуп отту. Анда эл аралык коомчулуктун пикирин да эске алуу чакырыктары жасалды.

Эске салсак, 3 күн мурда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен Конституциянын жаңы долбоору талкууга чыгарылган. Анда мамлекеттик башкарууну түп тамырынан өзгөртүп, президенттин укуктарын кеңейтип, депутаттардын санын кыскартуу сымал өзгөртүүлөр каралган.