Депутаттар айлыктан баш тартууга даярбы? (видео)

2110

Укук коргоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарын сентябрь айынын маянасынан баш тартууга чакырышууда. Алар парламентарийлер элдин алдында отчет бербей эле, жер-жерлерде үгүт иштери менен алек болуп жүргөнүн билдиришүүдө. Мындан улам салык төлөөчүлөрдүн акчасын өлкө бюджетине кайра кайтаруу керек, дешет алар.

Бирок мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айындагы маянасын толугу менен алары белгилүү болду. Ага өлкө бюджетинен ири суммада акча бөлүнгөн. Эл өкүлдөрү иштебеген күндөрү үчүн маяна албай коюуга макулбу?