Музей жетекчисинин отставкасына алып келген көргөзмө (видео)

1976

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги ызы-чуудан улам бир жылда экинчи жетекчи кызматтан алынды. Май айында 2 сүрөткө байланыштуу жаңжал чыгып, Юристанбек Шыгаев жумушунан бошотулса, бул жолу Мира Жангарачева өз арызы менен кетүүгө аргасыз болду.

Буга аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган көргөзмө себеп болду. Ишембиде өткөн иш-чарада 2 кыз жылаңач денесин көрсөтүп чыккан. Андан тышкары, музейдин ичине ич кийимдер жайылып, анда абортко байланыштуу сөздөр жазылып, жыныстык органдардын сүрөттөрү илинген. Мындай көрүнүшкө нараазы болгондор Маданият министрлигинин алдында акцияга чыгышты.