Музейдин жаңы жетекчиси ишке киришти (видео)

1378

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Айгүл Мамбетказиева расмий түрдө ишке киришти. Жетекчини Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов эмгек жамаатына тааныштырды.

Айгүл Мамбетказиева 33 жылдан бери дал ушул маданият жайында эмгектенип келет. 4 жыл экскурсия жетекчиси, андан кийин музейдин башкы сактоочусу болуп эмгектенген. Айгүл Мамбетказиева буга чейинки 2 директордун катасын кайталабаганга аракет кылаарын айтат.