Сооронбай Жээнбековдун кан кудасынын байлыктары (видео)

1351

Депутат Алиярбек Абжалиевге таандык делген мүлктөрдүн артында дагы башка таасирдүү адамдар барбы? Эл өкүлүнүн ысмы аталган кылмыш иши «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча ачылганы менен, азырынча Абжалиевге процессуалдык макам бериле элек. Ал иште алгач күбө катары өтүп, кааласа өлкөдөн чыгып да кетиши ыктымал.

Кечээ УКМК Алиярбек Абжалиев декларациясында көрсөтүлбөгөн бир топ дүнүйө-мүлкү бар экенин жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишип жүргөнүн расмий билдирген.