Москвада «Терракт уюштурууну пландаган» борбор азиялык жаран жок кылынды

15968

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада «терракт уюштурууну пландап жаткан» борбор азиялык жаранды жок кылганын маалымдады. Мекеме билдиргендей, калаанын Химки районунда кылмышка шектүү адамды кармоо убагында ал тартип коргоочуларды көздөй ок аткан. Күч түзүмдөрү ага жооп кайтарып ок атышкан.

Коопсуздук кызматы тараткан видеодо өзүн өлтүрүлгөн адамдын агасы катары тааныштырган жаран бир тууганы Сириядагы террордук топтордун бири менен байланышта болгонун укук коргоо органдарына билдиргенин айтууда.

Ошондой эле атышуу болгон жерден милиция автомат жана граната тапканы кабарланды. Ал эми шектүүнүн эл аралык террордук топтор менен байланышы далилденген эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.