Мыйзамсыз баюууга шектелген судьялардын тизмеси узарууда (видео)

3770

Мыйзамсыз байыганын мойнуна алып, мамлекетке 70 миллион сом төгүп берген кылмышка шектүү дагы деле Жогорку соттун судьясы бойдон калууда. Камил Осмоналиев тергөө маалында гана убактылуу четтетилген болчу. Ал фемида өкүлү болуп кала берсе, соттук териштирүүгө жеткенде кесиптештери аны кантип соттойт? Кызыкчылыктар кагылышы келип чыгат, дешет депутаттар. Мындан улам учурда Камил Осмоналиевди сот тармагынан кетирүү талаптары айтылууда.

Ошондой эле, 9 жылдын ичинде жогоруда аты аталган фемида өкүлү чыгарган чечимдерди жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жиберүү керек деген пикирлер жаңырууда. Соттун өкүмү чыккан адам министр болуп иштөөнү улантып жатса, эми өзү соттолоор алдында турган адам Жогорку соттун судьясы бойдон калууда. Эмнеге шектүүлөрдү кызматтан кетирбей жатышат?