Япония командасы Бишкекте алгачкы машыгуусун өткөрдү

2060

Футбол боюнча Япониянын курамасы Кыргызстанга 11-ноябрга караган түндө учуп келген. Япониянын футболчулары «Дордой» спорт комплексинде алгачкы машыгуусун өткөрдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстан-Япония оюну 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Беттеш 17:15те башталат.

Оюнга кирүү үчүн билеттерди стадиондун кассасынан сатып алса болот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.