Активисттер Бишкекти өнүктүрүү аракетин көрүүдө (видео)

2530

«Революциядан кийинки Бишкек — отурукташуу көйгөйлөрү». Ушундай аталыштагы жыйынга жаш архитекторлор, шаар куруучулар чогулушту. Алар Бишкектеги көйгөйлөрдү кантип чечсе болоорун, шаардыктарга кандай шарттарды түзүү керектигин талкуулашты.

Анда борбор калаа учурунда “жашыл шаар” деген атты татыктуу алып жүргөнү айтылды. Азыр калаанын абасы булганып, дарактар азайып баратат.