НТС

Мегаком «Санарип мектеп» долбоорун ишке ашырат (видео)

“Мегаком” компаниясы “Санарип мектеп” долбоорун ишке ашырат. Кыргызстандагы эң ири уюлдук оператор өзүнүн эсебинен 10 мектепке видеокамера жана турникеттерди орнотот. Муну менен долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып, коопсуздук менен камсыз кылып жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мүмкүн болот.

Бул тууралуу “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов менен билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиевдин меморандумга кол коюу аземинде айтылды.