Өлкөнүн бардык чек ара тозотторунда майрамдык маанай болгону менен иш кадимки тартипте өтүүдө. Себеби мекен чеги бир да секунд кароосуз калбашы керек. Ош областындагы Араван чек ара тозотундагы чегарачы жоокерлер 7 саат иштеп, 8 саат дем алышат.
Бош убактыларында сабак окуп, дене-тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, ишине даярданышат. Күн-түн, ысык-суук дебей мекен чегин көздүн карегиндей сактап, кайтарып турган чек арачылардын бир күндүк турмушу.