2138

Мекендешибиз Дастан Шаршеев реванш-беттеште жеңишке жетти

дастан
Ал таймашта россиялык атаандашы Антон Калининди утуп алды. Иш чара кечээ күнү Казань шаарында өтүп, ага сегиз өлкөдөн спортчулар катышкан. Дастан Шаршеев менен Антон Калининдин буга чейинки мелдеши чыр чатак менен аяктаган болчу. 22-апрель күнкү беттеште калыстар жеңишти россиялык атаандашына беришкен. Буга мекендешибиз макул эместигин билдирип рингтен кетпей койгон. Мындан улам, 70 килограммга чейинки салмактагы мушкерлер реванш-беттешүүдө жолугушушту.