Ырчы Анжеликага бак кыйдырууга уруксат бергендер жазаланабы? (видео)

3913

Ырчы Анжелика Кайратова Түп районунун Балбай айылында кыйдырган дарак боюнча комиссия териштирүү иштерин баштады. Мындай тапшырманы Ысык-Көл областынын жетекчиси Мирбек Кожоев берди. Эгерде даракты кыюуда мыйзам бузуулар аныкталса, жооптуу адамдар жазага тартыларын убадалады.

Ырчы Анжелика Кайратова былтыр кыздары, курбусу менен Караколго бара жатканда унаасы тайгаланып, жолдун четиндеги бакка урунган. 2 күн мурда дал ошол дарак кыйылганы коомчулукта нааразычылыктарды жаратып, муну менен эле маселе чечилип калабы деп суроо салгандар арбын. Бул окуяга экологдор тынчсызданып, коңгуроо кагышууда.