Чет жактан келген жардам өз дарегине жетип жатабы? (видео)

5638

Эки палатага айланган бир контейнер. Өзбекстандын жардамы менен Кыргызстанда 3 көчмө оорукана курула баштады. Алардын экөө — Чүй областында, бирөө — Баткенде жайгашкан. Кошуна өлкө гуманитардык жардам берип эле чектелбестен, ооруканаларды куруп берүүнү да мойнуна алган.

Ар биринин ичи коронавируска каршы күрөшүү үчүн тартылган медицина кызматкерлери үчүн ылайыкташтырылууда. Жакын арада Өзбекстандан дарыгерлер жөнөтүлүп, алар бул жактагы кесиптештерине жардам берүүгө кирише турганы маалым болду.