Кызыл камчы күйөөлөрдүн курмандыктары (видео)

4923

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күч алды. 2 жуманын ичинде 2 аял күйөөлөрүнүн колунан каза тапса, дагы экөө ур-токмокко кабылып, ооруканага жаткырылган. Дагы бир окуя 13-январда Жалал-Абадда катталды. Анда жолдошу тарабынан сабалган 34 жаштагы келиндин баш мээси чайкалып, мурдунан жаракат алганы айтылууда.

Жалал-Абад областтык милициясы берген маалыматка ылайык, аялын токмоктоо фактысы боюнча «ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми ички иштер министрлигинин кызматкерлери тескерисинче күйөөсүн сабап, үйүнөн кууп чыккан аялдар да бар экенин айтышууда.