Россия күйүүчү майдын экспортуна тыюу салабы? (видео)

2225

Россия ички рыногунда күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп, тартыштык жарала баштагандыктан экспорттоого тыюу салууну көздөөдө. Мунай зат ташылбай тургандардын тизмесине кайсы мамлекеттер кирет азырынча белгисиз. Учурда бул боюнча Россияда токтом долбоору даярдалып, министрликтердин макулдашуусунан өткөрүлүп жатыптыр.

Экспортко тыюу салынса, Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы пайда болобу деген кооптонуу күчөдү. Адистер абалдан чыгуунун бир нече жолун сунушташууда. Алардын бири өлкөдө электротранспорт каражаттарынын санын көбөйтүү.