Бишкектеги тез татым түйүндөрүнүн 90% талаптарга жооп бербейт (видео)

2846

Бишкектеги тез татым түйүндөрүнүн 90 пайызы тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери өрт коопсуздугуна байланыштуу текшерүү жүргүздү. Анын жүрүшүндө атайын жайлардын бир тобунда газ баллондор атайын эрежеге ылайык сакталбай жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, тез татым жайында болгон жарылууга дал ушул кемчилик себеп болгону белгиленүүдө. Бул кырсыктан кийин бардык тиешелүү мекемелерге Бишкек шаарындагы мектеп, бала бакча жана тез татым жайларындагы өрт коопсуздук эрежелерин текшерип чыгуу талабы коюлган.