Лейлек районунда өрүктүн алгачкы түшүмү жыйнала баштады

7072

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жаңы–Жер айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу сорту жыйнала баштады. Багбандар өрүктүн алгачкы түшүмүн жыйнап алып, сатыкка чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилей кетсек, Жаңы-Жер айыл аймагы деңиз деңгээлинен 400 метр тереңдикте жайгашкандыктан, климаты ысык келип, мөмө жана жер жемиштер эрте бышат.

Баткен облусунда жалпы 8 миң гектар өрүк бактары бар. Андан жыл сайын 100 миң тонна өрүк жыйналып алынат. Анын 20% гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда кайра иштетилсе, 80 пайызы чет мамлекеттерге экспорттолот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.