НТС

Милдетин аткарбаган тартип сакчылары жазаланды

Машинанын ичинде жардам сурап кыйкырган кызды тоготпой койгон тартип сакчылары жазаланды. Милдетин аткарбаганы үчүн эки инспектор жумуштан бошотулуп, 6 жетекчиге катуу эскертүү берилип, бирөө өзүнүн арызынын негизинде иштен кетти.

Белгилей кетсек, НТС телеканалынын “ТВ Кайгуул” көрсөтүүсүнүн журналисти Бишкекте “8888” мамлекеттик номурдагы “Мерседес” унаасынан бир аял жардам сурап кыйкырып жатса дагы тартип сакчылары эч кандай чара көрбөй койгонун видеого тартып, коомчулукка жарыялаган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Камилла аттуу кыз ошол машинанын ичинде болгонун, аны эч ким ур-токмокко албаганын, жарандык никедеги жолдошу менен урушуп жатканын айтып, түшүнүк кат жазып кеткенин билдирген эле. Бирок видеодо автоунаадагы аялдын аты Вика экени угулат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.