Куткаруучулар кырсыкка даярбы? (видео)

2991

Күжүрмөн даярдыктагы куткаруучулар, тапшырманы аткарууга шашылган өрт өчүрүүчүлөр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери ар бир 3 жылда кайталанчу аттестациядан өтүштү. Ага Бишкек шаарына караштуу өрт өчүрүү, куткаруу кызматкерлери катышышты.
Күжүрмөн даярдыктагы куткаруучулар алгач 100 метр аралыкка чуркап, андан кийин турникке тартылып, 3 чакырымга чуркоо боюнча сынактан өтүштү. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүнөн сырткары ээлеген кызмат ордуна жараша билим деңгээли боюнча да тест тапшырышты.