Максат чек ара заставасында аскерлер чатырда жашашууда (видео)

2972

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан улам толугу менен талкаланган Максат чек ара тозоту тез арада калыбына келтирилиши зарыл. Андагы аскер кызматкерлери ишти үзгүлтүккө учуратпай, учурда чатырда иш алып барып жатышыптыр.

Белгилүү болгондой, чек ара жаңжалында Баткен областында 136 турак-жай жана 84 объект жабыркаган. Азыркы тапта чек ара жаңжалы, андагы чыгымдарды иликтөө жана тактоо боюнча 48 тергөө тобу иштеп жатат. Алар талкаланган, өрттөнгөн имараттарды кыдырышууда.