НТС

Милиция кызматкерлери ала качуу жөрөлгөсүн колдойбу? (видео)

Ош областындагы милиция кызматкерлеринин 64 пайызы кыз ала качууну нормалдуу көрүнүш катары эсептейт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Айтымдарында, тартип сакчылары арасында андай сурамжылоо жүргүзүлгөн эмес. Тескерисинче, алардын активдүү аракеттеринин арты менен аймакта кыз ала качуу азайганын белгилешүүдө. Бирок ошол эле маалда, айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү ала качууга кабылган кыздар милиция кызматкерлери тарабынан кодуланып жатышканын айтышууда. Буга кошумча, ала качкандардын көпчүлүгү жазасыз калууда, дешет укук коргоочулар.