60 жаштагы күзөтчүнү сабаган зөөкүр милицияда иштейби? (видео)

2783

Бишкекте 60 жаштагы күзөтчүнү милиционер сабаганбы? Бул маалыматты Ички иштер министрлиги 3 жумадан бери текшерип бүтө албай жатат. Улгайган адамды башка-көзгө тепкилеген эргулдун жоругу тартылып калган тасма 31-октябрда интернетке жарыяланып, коомчулуктун үрөйүн учурган.

Бирок бүгүнкүгө чейин кылмышка шектүү кармала элек. Буга чейин күзөтчү болуп иштеген Каныбек Ботокановду ур-токмокко алган адам Ош областтык же Ош шаардык милициясында иштеши мүмкүн деген маалыматтар тараган. Бирок эки тарап тең аларда мындай кызматкер болбогонун билдиришүүдө.